Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Антарктикадагы муздар ыкчам эрип жатат


Британиялык жана австралиялык окумуштуулар Антарктикадагы муз жайкы айларда 600 жыл мурдагыга караганда 10 эсе тезирээк эрип жатат деген бүтүмгө келишти. Бүгүн жарык көргөн баяндамада изилдөөчүлөр муз өзгөчө соңку 50 жылда өтө ылдам эригенин белгилешет. Топтун жетекчиси Нерил Абрам Жэймс Росс аралындагы 364 метрлик муздун үстүнөн байкоо жүргүзүлгөнүн, климат жылышынын натыйжасында аба температурасынын бир аз көтөрүлүшү эле муздун эришине алып келээри аныкталганын айтат. Антарктикадагы муздардын эриши мөңгүлөрдүн тартылышына жана дүйнөдөгү деңиздердин деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG