Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Бостондогу кош жардыруудан үч киши өлүп, жүздөн ашууну жаракат алды


Жарылуу учурундагы көрүнүш.
Жарылуу учурундагы көрүнүш.
Полициянын айтымында, Бостондо кубаттуу бомба жарылган.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, полиция да шек туудурган кимдир бирөөнү колго түшүрө элек.

Президент Барак Обама жардыруудан үч сааттан кийин Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда окуяны терроризм катары мүнөздөгөн жок. Тергөөчүлөр учурда фактыларды жыйнап жатканын белгиледи:

-Биз муну ким жана эмне үчүн жасаганын азырынча биле элекпиз. Адамдар биз бардык фактыларга ээ болмоюнча жыйынтык чыгарууга ашыкпоосу абзел. Бирок, күмөн санабагыла, биз муну аягына чыгарабыз. Ким жасаганын, эмне үчүн жасаганын аныктайбыз. Жеке адам болобу, топ болобу жоопкерчиликти толугу менен тартат.

Обама бийликтер АКШнын бүткүл аймагында коопсуздукту “зарылчылыкка жараша” күчөтөрүн белгиледи. Өз администрациясына жабыр тарткандарга, тергөө иштерине зарыл жардамды көргөзүүнү тапшырды.

Дүйшөмбүдөгү жардыруудан кийин АКШнын Авиация боюнча федералдык мекемеси Бостондун үстүн учууга болбой турган аймак деп жарыялады.

Коопсуздук чаралары Нью-Йоркто, Вашингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана башка шаарларда күчөтүлдү.

Кош жардыруу үзгүлтүккө учураткан Бостон марафонуна быйыл ондогон өлкөдөн 20 миңден ашуун киши катышып жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG