Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Каримов экстремизм коркунучун Москванын эсине салды


Өзбекстан президенти Ислам Каримов Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Борбор Азияда экстремизм көбүрөөк коркунуч туудуруп жатканын айтты. Терроризм, экстремизм жана диний радикализмдин кесепети согуштан да жаман болушу мүмкүн экенин эскертти.

Орус-өзбек жолугушуусунан кийин Владимир Путин 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин кырдаалга тараптар тыкыр көз саларын, ыктымал коркунучтардын алдын алуу, биргелешип күрөшүү боюнча макулдашканын айтты. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Эркин соода аймагына Ташкенттин кошулуу шарттары аныкталганын, тиешелүү документке КМШ өкмөт башчыларынын Беларуста 31-майдагы жолугушуусунда кол коюларын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG