Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Немистер кызылча түшүмүн арттырууну үйрөтөт


Бүгүн Бишкекте Кыргызстанда кант кызылчасын өстүрүү, кайра иштетүү маселелери боюнча талкуу өтөт. Иш-чараны Эл аралык кызматташуу боюнча немис коомчулугу уюштуруп жатат. Анда Германиядагы айыл чарба техникаларын, урук өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү да катышат. Немис адистери кыргыз дыйкандарына техника жактан гана жардам бербестен, кант кызылчасын өстүрүү, түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөтөт.

Советтер союзунун тушунда кумшекер өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турган Кыргызстанда азыр бул тармак солгундап кеткен. Өлкөгө жылына 80 миң тоннадай шекер ташылып келет. Кант кызылчасын айдоо кескин азайгандыктан шекер чыгарган эки заводдун бирөө гана жарым-жартылай иштейт. (EBM)

XS
SM
MD
LG