Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

ЖК комитети күч органдарындагы тирешти талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөш комитети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Маңзатты көзөмөлдөө күрөш кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ортосундагы араздашууну талкуулайт. Жыйынга аталган күч структураларынын башчылары чакырылды.

Бишкекте 12-апрелдин кечинде чекисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Расмий маалыматтарга ылайык, атылган октон бир милиционер жараат алып, УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алынган. Окуянын чыгышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатышат. Эртеси күнү Маңзатка каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү менен Сокулуктун милиционерлери кагылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG