Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Свердлов жана Сокулук РИИБинин башчылары убактылуу кызматтан четтетилди


Сокулук жана Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн жетекчилери бул райондордун милиция кызматкерлери катышкан чыр боюнча тергөө аяктаганча убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кабарлады. Анын айтымында, мындай чечим өкмөт башчынын тапшырмасынын негизинде кабыл алынды.

Бишкекте 12-апрелде кечинде УКМК менен Свердлов РИИБинин кызматкерлери ортосунда чыр чыккан. Расмий маалымат боюнча, УКМК кызматкерлери пара алды деп шектелген милиция кызматкерлерин кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн. Андан бир өтпөй маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери маңзат сатып жатат деп шектелген Сокулук РИИБинин кызматкерин кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, чыр чыккан. Ушул жуманын башында бул чырларды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG