Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Учкунбек Ташбаевдин иши сотко өттү


Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди өткөн жылдын ноябрь айында камакка алган. Ага кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деген айыптар тагылууда. Учурда Ташбаев УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG