Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Шашылыш эскертүү:

14-18-апрелде тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

17-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн, тоолордо кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамал түндүк-батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9,
Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10 …15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6 айрым жерлерде 0…-2, күндүз 8…13,
Нарында түнкүсүн 0…5 айрым жерлерде 0...-2, күндүз 8…13 жылуу болот

Бишкекте 17-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамал түндүк-батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6 градус жылуу, күндүзгү температурасы 8…10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG