Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Экс-министр Замирбек Эсенаманов камалды


Мурдагы жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов камакка алынды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы Эсенаманов төрагалык кылган кен байлыктарын пайдалануу боюнча комиссия Жалал-Абаддагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөттүн уруксатысыз 4 лицензия берген.

Бул иш боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы Замирбек Эсенамановго Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланган” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 15-апрелде камакка алды.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Эсенамановдун баш коргоо чарасын карап, 27-майга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу чечимин чыгарды. (BkA)

XS
SM
MD
LG