Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов кызматтан кетти


Бул маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктады. Министрликтин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, министрдин мындай чечимди кабыл алышына эч кандай басым болгон эмес, Султанов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кетти. Кылычбек Султанов бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган.

Өткөн жуманын аягында өкмөт жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева Кылычбек Султановдун ишин сындап, анын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG