Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Иранда жети адам дарга асылды


Иранда дарга асуу кеңири тараган өлүм жазаларынын бири - зордуктоо үчүн айыпталган төрт киши 2011-жылдын октябрында Хомейнишахр шаарчасында эл алдында өлтүрүлгөн
Иранда дарга асуу кеңири тараган өлүм жазаларынын бири - зордуктоо үчүн айыпталган төрт киши 2011-жылдын октябрында Хомейнишахр шаарчасында эл алдында өлтүрүлгөн
Оор кылмыштар үчүн айыпталып, өлүм жазасына өкүм этилгендер түштүктөгү Шираз шаарында дарга асылганын Ирандагы “Мехр” маалымат агенттиги бүгүн кабарлады. Алардын төртөө жалпы эл алдында, калган үчөө Адел-Абад түрмөсүндө өлтүрүлгөн.

Бул кишилер “адам өлтүргөн, куралдуу талап-тоноого, сексуалдык зордуктоого катышкан” деген беренелер боюнча айыпталган экен.

Иранды адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар өлүм жазасына тартылгандардын көбөйүп баратканы үчүн сындап келишет.

XS
SM
MD
LG