Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

АКШнын теги пакистандык жараны "Пулитцер" сыйлыгын утту


Аяд Ахтар
Аяд Ахтар
Жазуучу Аяд Ахтардын “Уятка калган” деген аталыштагы пьесасында теги пакистандык америкалык юрист кечки тамакта коноктору менен кантип ислам, иудаизм, расалык өзгөчөлүк, диний-саясий темаларда кызуу, кээде эмоционалдуу талкууга түшкөнү сүрөттөлөт. Бул чыгармасы үчүн ал “Пулитцер” сыйлыгынын драма номинациясы боюнча утту.

42 жаштагы Ахтар Нью-Йоркто пакистандык мигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал өзүнүн пьесасы Кошмо Штаттарындагы журналисттик жана адабий эң абройлуу бул сыйлыкка татыктуу болгонун укканда “шок” болгонун жашырган жок. Жалпысынан 21 башка категория боюнча жеңүүчүлөрдү аныктаган бул сыйлык үчүн быйыл 2 миңден ашуун адам ат салышкан.

XS
SM
MD
LG