Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Обама: Бостон марафонундагы жардыруулар “теракт” катары иликтенип жатат


Барак Обама Ак Үйдө билдирүү жасаган учур 16-апрель, 2013
Барак Обама Ак Үйдө билдирүү жасаган учур 16-апрель, 2013
АКШнын президенти Барак Обама дүйшөмбүдө Бостон шаарындагы жылдык марафондо болгон кош жардырууну соңку билдирүүсүндө “айбандардын мыкаачы актысы” деп атады. Бирок аны ким, эмне максатта жасаганы дале белгисиз экенин айтты.

"Биз азырынча муну ким, эмне үчүн жасаганын билбейбиз. Бул алдын ала пландалды беле? Чет өлкөлүк террористтер жасадыбы же жергиликтүүлөрбү? Билбейбиз, - деди америкалык президент. - Иликтөөлөр эми гана башталды. Анын толук таржымалын ачып чыгыш үчүн дагы убакыт керек. Бирок биз буга жетебиз".

Бостондо жарылуулар болгондон бери Обама эки жолу элге кайрылды. Дүйшөмбүдөгү жардырууларда үч адам, анын ичинде сегиз жашар бир бала набыт болду. Бийликтер шейшембиде кечинде берген маалыматка караганда, 170 адам жаракат алган, 17нин абалы оор.

XS
SM
MD
LG