Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Орусияда оппозиция лидери Навальныйдын соту башталат


Орусияда коррупция менен күрөшкөн блоггер, орус бийликтерине каршы акциялардын уюштуруучусу Алекесей Навальныйдын соту бүгүн башталат. Ал Киров облусунун губернаторунун кеңешчиси болуп иштеп турганда “Киров токой” компаниясынан 16 миллион рубль акча жеген деп айыпталууда. Эгер күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кесиби боюнча адвокат 36 жаштагы Навальный соңку бир жылдан ашык убактан бери президент Владимир Путинди тынбай сындап келет жана өзүнө козголгон кылмыш иштердин саясий жүйөсү бар деп эсептейт. Сот процессине аз калганда Навальный президент болуу мүдөөсү бар экенин шардана кылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG