Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:54

Венесуэла: оппозиция лидери митингден баш тартты


Венесуэлада оппозиция лидери Энрике Каприлес бүгүн, шаршембиге белгиленген митинг болбой турганын жарыялады. Жаңыдан шайланган өлкө президенти Николас Мадуро добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылардын кечээки акциясында 7 адам өлгөндөн кийин бүгүнкү митингди өткөрүүгө жол бербей турганын айткан. Каприлес бийликти добуштарды кайра саноодон качып, атайын зордук-зомбулукка барды деп айыптады.

Улуттук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо Мадуро 50,8 пайыз добуш алганын, ал эми Каприлести 49,1 пайызы колдогонун маалымдаган. Мадуро 19-апрелде ант кармап, кызматка расмий киришет. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG