Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Ирандагы зилзаладан Пакистанда 30дан ашык адам ажал тапты


Иран-Пакистан чек ара аймагындагы катуу жер титирөөдөн Пакистанда 34 адам өлүп, дагы 80ден ашыгы жаракат алды. Бардыгы түштүк-батыштагы Балучистан провинциясынын Машкил шаарынын тургундары. Шаарда жүздөгөн үйлөргө жарака кетти.

Ирандагы мамлекеттик маалымат агенттиги бийлик зилзала болгон аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаганын кабарлады. Бирок расмий Тегеран өлгөндөр тууралуу так маалымат бере элек. Иран телеканалы башында 40 адам ажал тапканын кабарлаган, кийинчерээк бул маалыматты төгүндөп, 5 гана адам жаракат алды деп билдирген.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 7,8 балл болду. Анын күчү Индиянын баш калаасында, Перс булуңундагы өлкөлөрдө да сезилди. Ирандын түштүк-батышында 10-апрелде күчү 6,8 балл болгон жер титирөөдөн 40ка жакын адам каза болгон, дагы 850дөйү жаракат алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG