Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Батукаев боюнча комиссия жыйынына премьер катышпайт


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өкмөт башчы бүгүн Нарындын Ак-Талаа районунда, андан кийин Жалал-Абадда иш сапары менен болот. Ошондуктан Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынына катыша албайт.

Комиссия төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Болот Шер жыйынга Сатыбалдиев чакырылганын маалымдаган. Ошондой эле Батукаев учуп кеткен учакты уулу Данияр тейледи деп айыпталып жаткан вице-премьер-министр Шамил Атаханов депутаттардын суроолоруна жооп берет.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун тыкыр иликтөөнү тапшырды.
Нарын шаардык соту өткөн аптада Батукаевди "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйө менен бошоткон. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG