Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Орусияда кыргыздардын уюму түзүлдү


Орусияда кыргыздардын уюму түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Жаңы түзүлгөн уюм жетекчилиги акыйкатчыга кат жолдоп, Орусияда иштеген кыргыз мигранттардын укугун коргоо жаатында биргелешип иштөө сунушун айткан. Жаңы бирикме "Кыргыздардын жалпы орусиялык уюму" деп аталат. Анын алгачкы жыйыны 14-апрелде Москвада өттү. Жыйынга орус жергесинде жашап, иштеген кыргыздардын коомдук бирикме башчылары жана Москва менен Москва облусунда жашаган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.

Орусияга иштегени кеткен кыргыздар боюнча расмий статистика жок. Бирок айрым маалыматтарга караганда, алардын саны бир миллионго чукулдап калды. (RK)

XS
SM
MD
LG