Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Сирияга жөнөтүлөт делген жети өспүрүм Кызыл-Кыядан март айында чыгып кеткен


Сириядагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн делген жети кыргызстандык өспүрүм бала Түркияга март айында учуп кеткен. Баары тең Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургундары. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаев билдирди.

Анын айтымында, жети баланын ата-энесинен арыз эки күн мурда түшкөн. Балдар телефон аркылуу байланышка чыгып, Түркияга жеткенин, Сирияга өтүү ниети бар экенин айткан. Бирок азыркы учурда алар Сирияга өтүп-өтпөгөнү тууралуу так маалымат жок. Азыр бул окуя боюнча тиешелүү мекемелер териштирүү жүргүзүп жатат.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Оштун Араван районундагы мечиттерден өспүрүмдөрдү азгырып, Түркия аркылуу Сирияга алып кетип жатышканын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG