Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Нарында абактагылардын баарын бошотууну талап кылып жатышат


Ушу тапта Нарын шаарынын борбордук аянтында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, төрт киши колдоруна плакат кармап турат. Алар Нарындын тергөө абагында камакта жаткандардын баарын бошотууну талап кылууда.

"Азиз Батукаевдин бошотулушуна жол берилгенден кийин абактагылардын баары, анын ичинде депутаттар Нариман Түлеев менен Садыр Жапаров да эркиндикке чыксын", - деген талап коюлууда.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевди өткөн аптада Нарын шаардык соту айыккыс ооруга чалдыкты деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Батукаевге "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган жана жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылган. (TSh/RK/BkA)

XS
SM
MD
LG