Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Сириядагы согушка алып кетти делген кыргыздардын эң кичүүсү 18де


Сириядагы согушка алып кетишти делген жети кыргызстандык жарандын эң кичүүсү 18де, улуусу 36да. Баары Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан март айынын экинчи жарымында Түркияга учуп кеткен. Алардын өлкөдөн чыгышын ким уюштурганы жана каржылаганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаев билдирди. Окуянын чоо-жайын тиешелүү мекеме өкүлдөрү териштирип жатат. Аравандан жөнөтүлгөн балдар боюнча да маалымат такталууда.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Оштун Араван районундагы мечиттерден өспүрүмдөрдү азгырып, Түркия аркылуу Сирияга алып кетип жатышканын айткан болчу. Депутаттын билдиришинче, кеткендердин саны 15тин тегерегинде. Арасында бүлөлүүлөрү да бар. Депутат Өмүрбек Бакиров балдарды артка алып келебиз деген эки ата-эне менен кечээ Стамбулга учуп кетти. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG