Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

"Бүтүн Кыргызстан": Транзит борборду өлкөдөн чыгаруу создугушу ыктымал


"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы "Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуу борборуна байланыштуу билдирүү таратты. Партия аталган борборду Кыргызстандан чыгаруу боюнча дипломатиялык процедуралар кечеңдеши мүмкүн деп кабатыр болууда.

"Транзит жүк ташуу борборун убада кылынган мөөнөттө чыгарыш үчүн тиешелүү катты кыргыз тарап дипломатиялык каналдар аркылуу 3-июлга чейин жөнөтүүсү зарыл. Бирок азырынча эч бир аракет байкалбайт. Ал эми июлда парламент каникулга чыгып кетет. Ошону менен маселе качан чечилээри белгисиз бойдон калат", - деп айтылат билдирүүдө.

НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышып жаткан учактарын тейлөөчү Транзит борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ ортосундагы ижара келишимдин мөөнөтү 2014-жылы соңуна чыгат. Президент Алмазбек Атамбаев келишимде жазылган шарт сөзсүз аткарыларын, 2014-жылдан кийин ал жерде жарандык багыттагы гана объект болорун айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG