Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Атаханов, Салянова, Рысалиевди кызматтан убактылуу четтетүү сунушталды


Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүнкү жабык жыйынында вице-премьер-министр Шамил Атахановду, Башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевди жана Нарындагы абактын башчысынын орун басары Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштады. Комиссия төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева иш иликтенип жаткан маалда тергөөгө тоскоол болбошу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын кабарлады.

Комиссиянын жыйыны эртең да уланат. Анда Батукаев боюнча медициналык экспертиза жүргүзгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү көрсөтмө берет.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун тыкыр иликтөөнү тапшырган.

Өткөн аптада Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG