Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:59

Кыргызстандык студент эл аралык дизайн конкурсунда жеңди


Student newspaper Manas 17/04/2013 Bishkek, Kyrgyzstan
Student newspaper Manas 17/04/2013 Bishkek, Kyrgyzstan
Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенти Айжамал Борисова АКШдагы Миссури-Колумбия университети жылда өткөргөн студенттик гезиттердин эл аралык кароо-сынагында 3-орунду алды. Университеттин “Манас” гезити студенттик гезиттердин дизайны боюнча сынактын “Multi-page story package" (news/sports) категориясына катышкан.

Гезит дизайнын толугу менен Айжамал Борисова жасап, “Абайла! Геппатит!” деген темага карикатурасы коюлган бетти сынакка жиберген. Бул тууралуу конкурстун ssnd.missouri.edu аттуу сайтында жарыяланды.

Айжамал Борисова Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин коом менен байланыш жана реклама бөлүмүндө окуйт. Студенттик гезит айына бир жолу чыгат. (AKu)

XS
SM
MD
LG