Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Шамил Атаханов кызматтан убактылуу четтеди


Вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши тергелип бүткүчө кызматын убактылуу тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат катчысы Нурзада Токтогулова билдирди.

Батукаев учуп кеткен учакты тейлеген компания Шамил Атахановдун уулу Даниярга тиешелүү деген маалымат парламенттик комиссияда айтылган. Вице-премьер Атаханов "Азаттыкка" берген маегинде Батукаевди учурган компанияга уулунун тиешеси жоктугун билдирген.

Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында вице-премьер-министр Шамил Атахановду, Башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевди жана Нарындагы абактын башчысынын орун басары Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштады. Комиссиянын төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева иш иликтенип жаткан маалда тергөөгө тоскоол болбошу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG