Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Бишкекте Камчы Көлбаевдин соту башталат


Иш бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралаарын Жогорку Соттон маалымдашты. Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири деп саналган Көлбаев Кылмыш кодексинин бир нече беренелери, анын ичинде кылмыштуу топ түзгөн, куралды жана маңзатты мыйзамсыз сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталууда.

АКШ наркобарондордун кара тизмесине киргизген Көлбаев былтыр декабрдын башында Бириккен Араб Эмираттарынан келгенден кийин камакка алынган.

Анын үстүнөн сот башталар алдында кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн дагы бири Азиз Батукаев ден соолугуна байланыштуу деген жүйө менен өткөн аптада Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG