Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Дүйнөлүк Банк: дүйнөдө жакырчылык азаюуда


Дүйнөлүк Банк жаңы баяндамасында соңку 30 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча жакырчылык деңгээли азайганын билдирди. Ага ылайык, бир күндө 1,25 доллардан аз акчага жашаган адамдар 1981-жылы жер шарында жашаган калктын жарымын түзгөн болсо, 2010-жылы мындай адамдар саны 21 пайызга азайган. Банктын башчысы Жим Ён Ким антсе да 1,2 миллиард адам дагы эле жакырчылыкта күн көрөрүн белгиледи.

Кыргыз өкмөтү болсо жакында эле былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу жакырчылыкта жашагандар тескерисинче үч пайызга өскөнүн маалымдаган болчу. Өлкөдө 1,6 миллиондон ашык адам кедейчиликте күн көрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG