Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

АКШ: куралды көзөмөлдөө мыйзамын сенат өткөрбөй койду


АКШнын сенаты демократтар жана республикачылар партиясы сунуштаган курал-жаракты сатууну, алып жүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорду кабыл алган жок. Документ өткөн жылы декабрда Коннектикут штатындагы Сэнди Хук мектебинде 26 адам атып өлтүрүлгөндөн кийин даярдалган болчу.

Эгер мыйзам долбоор кабыл алынса курал сатып алганы жаткандарды, алып жүргөндөрдү текшерүү күчөмөк. Мындай чарага каршы болгондор кошумча текшерүүлөр өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин айтып чыгышкан.

Президент Барак Обама Сенатта мыйзам долбоордун кабыл алынбай калышын "уят иш" деп айыптады. Сурамжылоолорго ылайык, жарандардын курал алып жүрүүсүн чектөөнү калктын 90 пайызы колдоорун белгилеп, эртеби-кечпи маселе оң жагына чечилерине ишендирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG