Бостон шаарынын прокурору марафондогу жардыруу үчүн шектүү адам кармалды деген маалыматты жокко чыгарды. Анын алдында айрым маалымат каражаттары кылмышка шектүү адам камакка алынганын жазып жиберишкен эле.
Күч органдарындагы булактар кылмышка тиешеси бар болушу ыктымал деген адамдын изине түшкөнүн билдиришүүдө. Ал арада президент Барак Обамага жөнөтүлгөн каттан уулуу рицин заты табылды. Андан мурда ушундай эле уулуу зат Миссисипи штатынан шайланган сенатор Роджер Уикерге жөнөтүлгөн каттан табылган.
Мындай каттар үч адам өлүп, 170тен ашыгы жаракат алган Бостондогу жардыруудан кийин жөнөтүлдү. Күч органдары бул эки фактынын бири-бирине байланышы жоктугун айтып жатышат. (EBM)