Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Батукаев боюнча комиссия жыйынына дарыгерлер чакырылды


Бүгүн Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссия экспертиза жүргүзгөн медициналык кызматкерлерден көрсөтмө алат. Комиссия кечээ Батукаевдин ишин тергеп-иликтөөгө тоскоолдук болбошу үчүн вице-премьер-министр Шамил Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык сотунун төрагасын, адистешкен прокурордун жардамчысын, Нарындагы абактын жетекчилерин кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган.

Андан көп өтпөй эле Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырганын өкмөттүн маалымат катчысы Нурзада Токтогулова "Азаттыкка" билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун тыкыр иликтөөнү тапшырган.

Өткөн аптада Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG