Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Чарбактыктар окуучулардын коопсуздугун камсыздоону суранууда


Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов 17-апрелде Бишкекте Баткендин Чарбак айылынан келген өкүлдөр менен жолукту. Анда чарбактыктар окуучулардын коопсуздугу үчүн аталган айылдагы мектептен “Чарбак” тозотуна чейинки жолдо чек ара күзөтүн уюштуруп берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле жазында жайытка байланыштуу чыр-чатак көп чыккандыктан Кайрагач деген жерде туруктуу чек ара туругун түзүүнү суранышты. Токон Мамытов өз кезегинде быйыл мектепти жаңы бүткөн беш баткендик улан Орусияга чек ара институтуна окууга жиберилерин маалымдады.

Ушул жылдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалап салган. Мындан кийин кыргыз бийлиги Сох анклавын айланып өтчү жол кура баштаган. (EBM).

XS
SM
MD
LG