Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Баткенде кыргыз-тажик ыр майрамы уюштурулду


Баткен облусунун Лейлек районунда белгилүү акын Курбаналы Сабыровдун элесине арналган “Ыр майрамы” поэзия кечеси өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу Абдилат Дооровдун “Азаттыкка” айтымында, бул маданий акция быйыл 22-жолу өткөрүлдү. Ага коңшу Тажикстандын Согди облусунан белгилүү акын, жазуучулар келип катышты. Алар Баткенде тажикче окуткан мектептерге белек катары 500 китеп ала келген.

Айылдык акындардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган бул жолку “Ыр майрамда” көп жылдар бою тартип коргоо органында кызмат өтөгөн Мажит Жороевдин ырлары мыкты деп табылды. Лауреатка төш белги жана атайын диплом тапшырылды.

Жалпысынан майрамга 400дөн ашык адам катышты”, - дейт Дооров. (AJ/RK)

XS
SM
MD
LG