Бул күндөрү Кыргызстанда аскерге жазгы чакыруу өнөктүгү жүрүп жатат. 18 жашка чыккан уландар медициналык кароодон өтүп, бүтүп калды деп кабарлады Коргоо министрлиги. Эртең, 19-апрелде Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан чакырылып жаткан уландарды узатуу боюнча салтанаттуу иш-чара өтөт. Алар кызматын Түштүк-Батыш аймактык бөлүктөрдө өтөйт.
Жалпысынан быйыл жазгы чакыруунун жыйынтыгында милдеттүү аскердик кызматка 3 миң, ал эми альтернативдик кызматка 10 миң жигит кабыл алынат. (RK)
Жалпысынан быйыл жазгы чакыруунун жыйынтыгында милдеттүү аскердик кызматка 3 миң, ал эми альтернативдик кызматка 10 миң жигит кабыл алынат. (RK)