Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Бишкекте Китеп күнү белгиленет


23-апрель - эл аралык Китеп күнүнө карата Бишкекте да атайын иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашова айтты.

23-апрелде "Китепстан" акциясынын алкагында кыргызстандык авторлордун китептеринин жарманкеси уюштурулуп, жаш акындар классиктердин чыгармаларынан окуп берет.

Китеп палатасынын маалыматында, жыл сайын Кыргызстанда бир миңге жакын аталыштагы китеп басып чыгарылат. Былтыр 226 көркөм чыгарма жарык көргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG