Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Президент Атамбаев манасчы Жусуп Мамайды куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн белгилүү манасчы Жусуп Мамайды 95 жылдык мааракеси менен телефондон куттуктап, атайын кат жолдоду.

“Манас” эпосу кыргыз элинин куту жана эн белгиси экенин айтып, президент Жусуп Мамай менен кыргыз эли, дүйнө жүзү сыймыктанаарын кошумчалады. Кылымдардын элегинен өткөн ыйык мурасты сактап, муундан муунга өткөрүп берүүдө залкар манасчынын эмгеги зор экенин баса белгиледи. Той ээсине чың ден соолук жана узак өмүр каалады.

Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG