Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Бишкекте ооган элчилигинин унаасына ок атылды


Бишкекте Ооганстан элчилигинин кызматтык унаасына ок атылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 16-апрелде кечки саат тогуздарда болгон. Шаардагы унаа жолдордун кесилишинин биринде элчиликтин машинасы менен Айбек аттуу жарандын автоунаасы сүзүшкөн. Эч ким жабыркаган эмес.

Мыйзам боюнча жол кырсыгы болгон жерден милиция келгенче эч ким кетпей турушу керек. Бирок элчиликтин айдоочусу токтобой айдап кеткен. Кийин ал машинанын ичинде элчинин кызы отургандыктан анын коопсуздугу үчүн токтобой койгонун тартип коргоо органдарына айткан. Ал эми Айбек аттуу жаран алардын артынан айдап барып, газ-травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

"Бул иш боюнча Кыргызстандын жараны бейбаштык кылды деп кылмыш иш козголду. Тергөө жүрүп жатат", - дейт Казыбаев. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG