Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Сирияга согушка кетти делгендерди Түркия прокуратурасы териштирүүдө


Сирияга согушка кетти деп шектелген кыргызстандыктарды Түркия прокуратурасы издөөдө. Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулу Мирлан Арстанбаев “Азаттыкка" депутат Өмүрбек Бакиров Түрк прокуратура өкүлдөрү менен кездешкенин айтып, жарандарды Сирияга жөнөтүү-жөнөтпөө жагы тактала элек экенин баса белгиледи:

- Бул маселе консулдуктун көзөмөлүндө. Консулдуктун бир кызматкери ошо жерде (прокуратурада) жана 24 саат бою байланышта. Ата-энелерден келген маалымат боюнча түрк тарабы 11 кишинин аты-жөнүн берди. Тизмедегилерден беш адам чек арадан өтүп, бул жакка (Түркияга) келгени аныкталды. Аларды Сирияга жөнөтөт же жөнөтпөйт деген маалымат аныктала элек. Бул жөнүндө алардын ата-энелеринин эле сөзүнөн билип жатабыз.

Жаштар тобун Кызыл-Кыя менен Аравандын мечиттеринен азгырып, Түркия аркылуу эки жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сирияга алып кетишкенин кечээ Жогорку кеңештин мүчөсү Дастан Жумабеков маалымдаган эле. (АU)

XS
SM
MD
LG