Үч күндүк фестивал бүгүн Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталат. “Борбор Азия – Арт Менеджмент” коомдук фонддон кабарлашкандай, ага алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 14 топ чакырылды.
Мындай фестиваль ушуну менен сегизинчи жолу уюштурулуп жатат. Анын алкагында 20-апрелде “Борбор Азиядагы этножаз” деп аталган семинар болот. Ага аталган өлкөлөрдөн келген музыканттар, композиторлор, жаз сынчылары жана музыка таануучулар катышмакчы. (EBM)