Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Атамбаев Конституциялык палата судьяларын шайлоону созбоого чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын судьялыгына сунуштаган 6 адамдын баарынын талапкерлигин жактырды. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, ошондой эле Жогорку Кеңешти аталган палатанын судьяларын шайлоону кечиктирбөөгө чакырды.

Жогорку Кеңеш 27-февралда Конституциялык палатасынын судьялыгына көрсөтүлгөн төрт талапкерди шайлабай койгон.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституциялык Сот жоюлган. Анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. Бул палатанын курамы 11 судьядан турат. Өткөн жылы беш судья шайланган.

Сотторду тандоо кеңеши калган алты талапкерди сынак жолу менен тандап, президенттин кароосуна жиберген. Өз кезегинде президент алты талапкердин экөөнү четке кагып, төртөөнү парламентке жөнөткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG