Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Баткен: МАИчилердин 42 пайызы аттестациядан өтпөй калды


Баткен облусунда Жол-кайгуул кызматында иштеген 31 кызматкердин 13ү текшерүүдөн өтпөй калды. Бул тууралуу укук коргоочу, сынак-аттестациялоо комиссиясынын мүчөсү Калича Умуралиева билдирди. Эми МАИчилерди иргеп алуу Жалал-Абад менен Ош облустарында уланмакчы.

Аттестация эң оболу Ысык-Көл менен Нарында өткөн эле. Анда текшерүүдөн 30 пайыздан ашык кызматкер кулап калган. Айрыкча МАИчилердин нормативдик-укуктук актыларды билбей турганы, дене тарбия даярдыгынан аксаары аныкталган. Ошондой эле теңинен көбү тапанча ата албай турганы белгилүү болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG