Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

“Республика” Кумтөр келишимин жокко чыгаруу мыйзамын карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун карайт. Документти оппозициялык “Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан жана өткөн аптада “Ата Журт” фракциясы колдогон болчу.

“Эл үнү” сунуштаган долбоордо кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясынын ортосундагы 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу каралган. Кыймыл бул документти парламентке киргизүү үчүн 10 миң адамдын колун топтогон.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган.

Өкмөт канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн топ түзгөн. Ал топтун мүчөлөрү “Центерра голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын билдирген.(EBM)

XS
SM
MD
LG