Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Атайын кызмат менен милициянын тирешүүсү талкууланууда


Бүгүн Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен милиционерлердин ортосунда соңку мезгилде катталган чыр-чатактар талкууланууда. Атайын кызматтын, Ички иштер министрлигинин жана Маңзаттарды көзөмөлдөө мекемесинин коомдук байкоочу кеңештеринин мүчөлөрү чогулуп жыйын өткөрүп жатат.

Өткөн аптада Бишкектин Свердлов райондук милициясынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү мушташа кеткен. Ага чейин ушул сыяктуу эле окуя Чүйдүн Сокулук районунда катталган.

Учурда бул окуяларга катышкан 4 адам ооруканада жатат. Алардын үчөө - милиционерлер. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG