Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жазгы чакыруудагы алгачкы топ аскерге узатылды


Быйылкы жылдын жазгы чакыруусундагы алгачкы топ бүгүн аскерге жөнөтүлдү. Жаш жоокерлерди армияга узатуу салтанаты Бишкекте өттү. Ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, ата-энелер катышты. Эстрада артисттери концерт коюп, иш-чара майрамдык шаң менен коштолду.

Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан чакырылган 40 жигит Алайдын Гүлчө айылына барып кызматын өтөйт.

Коргоо министрлигинин билдиришинче, өлкөнүн түштүк облустарынын өкүлдөрүн түндүктөгү райондорго, ал эми түндүк тараптагыларды түштүк аймактарга жөнөтүү тажрыйбасы уланууда.

Бул күндөрү Кыргызстанда аскерге жазгы чакыруу өнөктүгү жүрүп жатат. 18 жашка чыккан уландар медициналык кароодон өттү.

Жалпысынан быйыл жазгы чакыруунун жыйынтыгында милдеттүү аскердик кызматка 3 миң, ал эми альтернативдик кызматка 10 миң жигит кабыл алынат. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG