Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Бостондогу жардырууга шектүү делген Царнаевдер Токмокто жашаган


Бостондогу жардырууга шектүүлөр
Бостондогу жардырууга шектүүлөр
АКШнын Бостон шаарындагы кош жардырууга шектелген Тамерлан жана Жохар Царнаев мындан он жыл мурда Кыргызстандын Токмок шаарынан көчүп кеткен Царнаевдердин үй бүлөсүнөн болушу мүмкүн.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандагы чечен диаспорасынын жетекчиси Аднан Жабраилов билдирди.

Анын айтымында, Царнаевдердин үй-бүлөсү Токмоктон 90-жылдардын аягында Чеченстанга көчүп кеткен:

- Эгер ошол үй-бүлө тууралуу сөз болуп жатса, алар мурда эле көчүп кеткен. Токсонунчу жылдарда эле. Алар негизинен Токмокто жашачу. Апасы 10 жыл мурда көчүп кеткен.

Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, жардырууларга шектүү делген эки адам АКШга Чеченстандан көчүп келген. Ага чейин Царнаевдер мурда Кыргызстанда жашаганы дагы маалымдалууда.

Дүйшөмбү күнү Бостондогу кош жардырууда 3 киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. Бул жардырууну полициянын пикиринде, эки адам уюштурган. Алардын бири кечээ Бостондо полициянын огунан алган жараатынан ооруканада жан берди.

Бостон полициясынын комиссары Эд Девис каза тапкан адам “террорист экенине ишенип” турганын айтты. Кечээ Массачусетс технологиялык институнун кампусунда ок чыгарган адам кармалган, экинчиси болсо катчып кеткен. Ошол качып кеткен кишинин аты-жөнү Жохар Царнаев экени айтылууда. (TTo/AiK/RK)

XS
SM
MD
LG