Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Нарында дамба куруудагы коррупция ашкереленди


Нарын дарыясына дамба жана Нарын-Баетов унаа жолу менен суунун ортосундагы жерди курууда мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Ишти иликтеген комиссия Нарын дарыясына дамба куруу үчүн эсептелген 38 миллион сомдон 5 миллион 248 миң сомдук таш аз түшүрүлгөнүн жана дамба нормага жараша курулбаганын аныктады. Аталган дамбаны жана жолдун жээгин бекемдөө үчүн 2009-жылы тендер жарыяланган. Аны утуп алган “Бата-Жол” компаниясы ишин токтотуп, 2012-жылы “Унистрой” компаниясы бүтүргөн.

Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 3 беренесине ылайык кылмыш иши козголду. (AKu)

XS
SM
MD
LG