АКШнын Бостон шаарында кош жардырууда шектелип жаткан дагестандык Тамерлан жана Жохар Царнаев Кыргызстанда төрөлгөнү маалымат каражаттарында айтылган. “Азаттыктын” кабарчысы Царнаевдерди тааныган жердештери менен жолукту.
Токмоктогу жердештеринин айтымында, кылмышка шектелген Тамерлан Царнаев 1986-жылы Кыргызстанда, иниси Жохар Царнаев 1993-жылы Дагестанда төрөлгөн. Царнаевдердин үй-бүлөсү 1990-жылдардын башында Чеченстанга көчүп кеткен жана 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келген. 2001-жылы бул үй-бүлө кайра Дагестанга кетип, андан ары АКШга жер которгон.
Тамерлан Царнаев 4-классты Токмоктогу №2 мектепте, 5-6-классты №1 мектепте окуган. Анын класс жетекчиси жана классташтарынын айтымында, ошол учурда Тамерлан динге берилбеген, жүрүш-турушу жакшы окуучу болчу. Тааныштарынын билдиришинче, балдардын ата-энеси да билимдүү үй-бүлөдөн.
Тамерлан Царнаев 2002-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганын ИИМдин расмий өкүлү тастыктады.
Өткөн дүйшөмбүдө Бостондогу кош жардырууда 3 киши набыт болуп, 170тен ашуун адам жаракат алды. Ага шектелип жаткан ага-инилердин улуусу Тамерлан Царнаев полициянын огунан каза болду. Иниси Жохар Царнаев качып кетип, Бишкектин убактысы боюнча ишембинин таңында кармалды. Полиция аны канжалап кайыкта жашынып жаткан жеринен тапты. Мурунку куну ок атышуу учурунда жараат алган Жохар Царнаев азыр полициянын кайтаруусунда ооруканада жатат. (TTo/AKu)