Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Бишкекте талапка жооп бербеген микроавтобустарга тыюу салынды


Бишкекте сырткы көрүнүшү, тазалыгы талапка жооп бербеген 15 микроавтобус мындан ары эл ташып иштебей турганын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын шаар транспорту башкармалыгы микроавтобустардын техникалык, санитардык абалын жана элди тейлөө маданиятын жогорулатуу ишин жүргүзүп жатат.

16-18-апрелдеги эки күндүк текшерүүдө 15 унаа жараксыз деп табылды. Алардын баарынын ичи таза эмес, айнектери сынык жана сырткы көрүнүшү талапка жооп бербей турганы аныкталган. (AKu)

XS
SM
MD
LG