Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Айлана-чөйрөнү булгагандар үчүн жаза көбөйтүлдү


Административдик кодекстин айлана-чөйрөнү булгоону алдын алуу тууралуу беренелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент мартта кабыл алган. Ага президент өтүп бараткан аптада кол койду.

Кодекстин 11 беренесине өзгөртүү киргизилип, негизинен айлана-чөйрөнү, өзгөчө коргоого алынган жерлерди, сейил бактарды булгоо үчүн жаза күчөтүлгөн.

Мисалы, административдик кодекстин 167-беренесине ылайык, жаратылышты булгоо, уруксатсыз таштанды таштоо үчүн мурда 1ден 15 эсептөө көрсөткүчүнө чейин жаза берилсе, азыр ал 50дөн 300гө чейин деп өзгөртүлдү. Өзгөчө кайтаруудагы аймактар, жаратылыш ресурстарын колдонуу жана экологияга тиешелүү башка учурлар үчүн административдик жаза болжол менен ушул мисалдагыдай бир нече эсеге көбөйтүлдү. (AKu)

XS
SM
MD
LG