Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Шашылыш билдирүү

20-21-апрелде республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ушул эле күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15, Нарында түнкүсүн -1...0, күндүз 11...16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 5...10,
Тоолордо түнкүсүн -10...-15, ал эми күндүз 0...-5 болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6, күндүз 18...20 градус жылуу болот. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG