Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 15:27

Пакистанда аял жанкечти өзүн жардырды


Пакистандын түндүгүндөгү Хар шаарында аял жанкечти оорукананын сыртында өзүн жардырып, төрт кишинин өмүрүн алды. Бүгүнкү жардырууда дагы төртөө жарадар экендиги айтылууда. Жергиликтүү бийлик жанкечти 18-20 жаштарда экенин билдиришти. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек.

XS
SM
MD
LG